Дос күттүм сырым катпадым
Досум деп күйүп жактадым
Дос десе жандан кечем деп
Сатылдым бирок сатпадым
Жакыным дедим мактадым (мактадым)
Жүрөккө досту сактадым (сактадым)
Жүрөктөн сайып кетишти эй
Мен адал досту таппадым
(Мен адал досту таппадым)
Кыйын күндө калдым бүгүн кайдасыңар?
Пайдаң үчүн жандап жүргөн пайдасыздар
Колдо барда кан досум деп кайнап жүргөн
Колдо жокто көз жетпеген жайдасынар
Кыйын күндө калдым бүгүн кайдасыңар?
Пайдаң үчүн жандап жүргөн пайдасыздар
Колдо барда кан досум деп кайнап жүргөн
Колдо жокто көз жетпеген жайдасынар
Ичинде жүрүп жалгандын
Канча ирет күйүп алдандым
(Канча ирет күйүп алдандым)
Ишенген достор бар эле эй
Ишенбес болуп калганмын
Чыныгы дос бар мен билем
Чыгармын жолго сен менен
Сырыңды ачпас душманга эй
Сырдашаар дос издеп келем
Кыйын күндө калдым бүгүн кайдасыңар?
Пайдаң үчүн жандап жүргөн пайдасыздар
Колдо барда кан досум деп кайнап жүргөн
Колдо жокто көз жетпеген жайдасынар
Кыйын күндө калдым бүгүн кайдасыңар?
Пайдаң үчүн жандап жүргөн пайдасыздар
Колдо барда кан досум деп кайнап жүргөн
Колдо жокто көз жетпеген жайдасынар
Кыйын күндө калдым бүгүн кайдасыңар?
Пайдаң үчүн жандап жүргөн пайдасыздар
Колдо барда кан досум деп кайнап жүргөн
Колдо жокто көз жетпеген жайдасынар
Кыйын күндө калдым бүгүн кайдасыңар?
Пайдаң үчүн жандап жүргөн пайдасыздар
Колдо барда кан досум деп кайнап жүргөн
Колдо жокто көз жетпеген жайдасынар