Жай, күн чайыттай эшик саратан
Ысык-Көлдү көздөй баратам
Эс алып чарчаганым таратам
Минип алып жоргомду 4 дөңгөлөктүү
Капчыгайынан Боомдун өттүм
Балыкчынын шамалы жүздөн өптү
Көлгө жетип каккылайм көкүрөктү
Учамын кайып-кайып
Керемет аба-ырайы
Ысык-Көлүм эң ажайып
Тосуп алды бизди кучак жайып
Учамын кайып-кайып
Маанайым 101 пайыз
Ысык-Көлүм эң ажайып
Тосуп алды бизди кучак жайып
Ысык-Көл - кыргызымдын бермети
Көзүн артат бүт жер бети
Керемет сенин жайкы кечиң
Жайкы кечиң
Ысык-көл сырларды терең катат
Койнуна баары кенен батат
Дүйнөгө кенен эшик ачат
Кош келгиле Ысык-көлүм жакка
Кайдагы Мiami beach
Турганда Көлүмдөй жаратылыш
Мактанып айта алам бардыгына
Биз үчүн кем эмес Мальдивыдан
Ысык-Көлүм биз үчүн Бали
Ага сенин толкунуң далил
Элдери да жерине шай
Көлдүн жээги өзүнчө вайб
Көлдө сүзүп кеткенче шайың
Достор менен эс алган каэф
Музыка коштолуп түнү менен
Ырахат эс алып жүрүү деген